Кытайлык инвесторго "Нарын" ресторанынын ордуна мейманкана курууга уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Түлөбаев Кытай инвесторунун долбоору жанданып жатканын тастыктады. Курулуш иштери качан башталары белгисиз. Аталган жай архитектуралык маанидеги эстеликтер тизмесинен 2016-жылы чийилген. Ал жерге "Хуалинь" деп аталган 20 кабаттуу мейманкана куруу пландалып, бирок ошол кездеги мэр Албек Ибраимов аталган аймак гүл бакка айланарын билдирген. 2018-жылы экс-мэр Азиз Суракматов объект жети миллион долларга сатылып кеткенин айткан.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү инвестор менен байланышка чыгууга аракет жасашкан, бирок ал жооп берген эмес. Ошол кезден бери маселе ачык бойдон калып келген.