Жаңылыктар
Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда

Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталып жатканын облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. 

Жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн. Учурда алар үймө-үй кыдырып иштеп жатат. Арасынан турмуштук оор кырдаалга же зомбулукка кабылган балдардын саны такталып, адистердин көзөмөлүнө алынат. Тактоо облус боюнча жүрүп жатат. Жыйынтыгында мигранттардын балдарынын саны, аларды кимдер камкордукка алган, такталат.