Ош шаарында аскер бөлүктүн кызматкери баңгизат сатуу каналын уюштурганы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
30 жаштагы аскер кызматкери өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 7 граммды түзгөн нашаа экени билинген.
Мындан тышкары, кармалган адамдын Ош жана Чүй облустарында баңгизат таратып жүргөнү аныкталды. Ошондой эле абакта жазасын өтөп жаткандарга да тыюу салынган затты берип жүргөнү белгилүү болду. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдар дагы аныкталып жатат.