Жаңылыктар
Состоялась встреча и.о. Премьер-министра Артема Новикова с председателем ЕЭК Михаилом Мясниковичем
Кыргызстан жаңылыктары
Состоялась встреча и.о. Премьер-министра Артема Новикова с председателем ЕЭК Михаилом Мясниковичем

Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн келген Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү ортосундагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери, өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды. 

Тараптар экономикалык, өнөр жай жана айыл чарба кооперациясы долбоорлорун ишке ашыруу жана бул багытта кызматташуу тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле, 5-февралда Алматы шаарында өтүүчү ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жана өкмөттөр аралык кеңешинин күн тартибинин маселелери талдоого алынды.