Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков "Газпром" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолугушту.
Тараптар быйыл өлкөнү газдаштыруу жана мамлекеттик уюмдардын автопаркын газомотордук отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча "Газпром-Кыргызстан" инвестициялык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. "Газпром" ишканасы негизги ишмердүүлүгү менен катар өлкөдөгү спортту өнүктүрүүгө жана билимди колдоого алууга өзгөчө көңүл бурат. Артём Новиков жана Виталий Маркелов жаратылыш газына бааны төмөндөтүү мүмкүндүгү жана ага карай бааны түзүү маселесин, анын ичинде Бишкек шаардык ЖЭБ үчүн атайын тарифти кароо талкууланды.