Жаңылыктар
​Президент Садыр Жапаров "Газпром" ишканасынын жетекчилиги менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
​Президент Садыр Жапаров "Газпром" ишканасынын жетекчилиги менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров "Газпром" ишканасынын төрагасынын орун басары жана Директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду кабыл алды. 

Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, өлкөнү газ менен камсыздоо тутумун жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы “Газпром” Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров конструктивдүү өз ара аракеттешүүнү улантууга үмүт артып, эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну арттырууга даярдыгын белгиледи. 

Өз кезегинде Виталий Маркелов Садыр Жапаровдун Президенттик кызматына киришүүсүнө байланыштуу “Газпром” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин куттуктоосун жеткирди. Өлкөдө жүрүп жаткан газ өткөрүү системасынын курулушу тууралуу билдирип, компаниянын жакынкы келечекке карата, анын ичинде үйлөр менен ишканаларды газдаштыруу жолу менен Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландары жөнүндө маалымдады. Ошондой эле ал “Газпром” жогорку социалдык жоопкерчилик принциби менен бир катар социалдык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырып жатканын белгиледи.