Жаңылыктар
Президенттин Ант берүү аземине абай салгандар
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Ант берүү аземине абай салгандар

Кыргызстандын келечегине жөнөкөй жарандар да кайдыгер эмес. Ала-Тоо аянтына келе албагандар мамлекет башчысынын ант берүү аземин үйдөн отуруп түз ободон көрүштү. Көпчүлүк ишеним артып добуш берген президент, калк үчүн кара жанын карч уруп иштеген башчы болсун деген тилектерин айтып, жеке кызыкчылыктарына караганда элдин кызыкчылыгын жогору коюп, өлкөнү алдыга жылдырат деген үмүттө. 

Ар бир баскан кадамынан баштап, сүйлөгөн сөздөрүнө чейин кунт коюп угуп, ант берүү аземди баштан аяк карап отурган Кыймат апа менен Кенже ата 14 баланы тарбиялап өстүргөн үй-бүлө. Дайым маңдай тер менен ак эмгек кылып жашап келаткан баатыр эне, мамлекеттик гимн жаңырганга кошо ырдап, кол чабылса кошо кубаттап бир чети сүйүнүп, өзгөчө толкунданып да жатты.

80ден ашып калган Кенже ата бүт өмүрүн дыйканчылыка арнады. Адал эмгектин арты, бакубат жашоого алып келээрин жакшы билет. Жаңы шайланган журт башчысы эл ырыскысын жебей, артынан жаман сөз ээрчитпеген, ишеничти актаган чыныгы элдик президент болот деген тилекте.