Бүгүн, Улуттук филармонияда Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары ант берди. Ага президенттин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарттары тапшырылды. Өлкө жетекчиси катары алгачкы сөзүн сүйлөгөн Садыр Жапаров коомдун бардык катмарын биригүүгө чакырды.
Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу боло турганын белгилеп, Жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш экендигин билдирди.