Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эки саламаттык сактоо объектисинин курулушу жүргүзүлүүдө.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, аталган объектилердин курулушунун долбоорлору Балыкчы шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Кайрымдуулук фонду каржылап жаткан 3 кабаттуу медициналык ден соолукту чыңдоочу комплекси 21 орунга эсептелип, жалпы аянты 614 чарчы метр. Сметалык наркы 22 млн 390 миң сом. Ал эми ишкер, меценат Мирлан Исагалиев тарабынан каржыланып жаткан 2 кабаттуу диагностикалык борбор 16 орундуу болот. Анын сметалык наркы 27 млн сомду түзөт.