Жаңылыктар
Улуттук банк алтын монеталардын дагы бир коллекциясын чыгарат
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк алтын монеталардын дагы бир коллекциясын чыгарат

2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады. 

Жалпы 6 миң монета чыгаруу мерчемделип жатат. Анын жарымы баалуу металлдан жасалары айтылды. Былтыр Улуттук банк сомду колдоо үчүн 500 млн доллардан ашык каражат жумшады. 100 сом алтын монетасы 999-үлгүсүндөгү металлдан жасалса, 10 сом номиналындагы күмүш тыйын, 925-үлгүдөгү металлдан даярдалат. Быйыл КМШнын 30 жылдыгына карата миң күмүш тыйын чыгаруу да пландалып жатканы айтылды.