Кыргызстан коронавируска эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Европа биримдигине кайрылды.
Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев менен Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Европа тарап өлкөдөгү саясий кырдаалдын турукташуусун кубаттай тургандыгын жана мындан ары дагы ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Мындан тышкары Европа биримдиги тарабынан берилген ВСП+ макамынын мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын пайдалануусунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланып, эки тараптуу кызматташтыкты бардык деңгээлде улантуу зарылдыгы айтылды.