Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров: Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров: Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт

Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт, - деди Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүү аземинде. Ал өз сөзүндө өлкөнүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу туруктуулук, алыскы жана жакынкы коңшулар менен ынтымакта болгон жагдайда гана ырааттуу түрдө ишке аша тургандыгын билдирди. 

"Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Россияга, терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт", - деди Садыр Жапаров. 

Ошондой эле ал Түркия, Кытай мамлекеттери менен көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байыттуу маанилүүлүгүнө токтолду. 

“Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат. Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Союз, Түрк мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем", - деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.