Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө Кыргызстандын президенти кызматына киришти.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды. Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган. Жапаровдун кызматка киришүү аземи санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулду.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2 % добуш менен жеңип чыккан.