УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин камакка алынды. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды.
Сегизбаев Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Белгилей кетсек, 14-январда Жогорку Кеңешинин депутаттары Шыкмаматовду, Салянованы жана Текебаевди дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүдөгү Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Башкы прокуратура сотко чейинки өндүрүш ишин каттаган.
Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүнүн алкагында Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына кармалган. Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.