Кыргызстандын Россиядагы элчилиги дипломатиялык корпус жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг уюштурду. Келген конокторго жана журналисттерге Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилди.
Россиялык саясатчылар, дипломаттар, БШКнын өкүлдөрү жана эл аралык байкоочулар жалпы шайлоо процесси ачык-айкын өткөнүн белгиледи. Өлкөнүн калкынын биометрикалык каттоо тутуму шайлоону бурмалоого, кайталап добуш берүүгө жол бербей турганын көрсөттү.