Өлкө экономикасынын маанилүү багыттарынын бири болгон айыл чарба тармагы өнүксө, аймактардын өнүгүүсү менен бирге экспорт көлөмүнүн жогорулашына да таасир этет. Ал үчүн биринчиден табигый жана сапаттуу өсүмдүктөрдү өстүрүү зарыл.
Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти бул жаатта илим менен тажрыйбаны айкалыштырып, иш алып барууга белсенүүдө. Айыл чарба министрлиги уюштурган иш-чарада дал ушул маселе сунушталып, тармактагы көйгөйлөрдү болтурбоо туурасында талкуу жүрдү.