Быйыл жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жылдагыдан бир топ айырмаланып, ыкчам чаралар көрүлүшү керек. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков тиешелүү мекеме жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди.
Айтымында, азыр дүйнө жүзү айыл чарба тармагында иштөөнүн жаңы шарттарына, жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өтүүдө.
Эл аралык тажрыйбаны жана пандемияда орун алган кыйынчылыктарды эске алып, бул жылы агроөнөр жайды өнүктүрүүдө жаңы ыкмаларга өтүү сунушталды.