Эки ай мурда түзүлгөн Конституциялык кеңешме баш мыйзамдын жаңы долбоору даяр болгонун жарыялады. Мамлекеттин негизги документи эми Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрүнүн элегинен өтөт.
10-январда өткөн президенттик шайлоо менен бирге референдум кошо уюштурулуп, ага катышкандардын көпчүлүгү президенттик башкарууну колдогон. Баш мыйзам дал ушул башкаруу системасына ылайыкталды. Маселен өкмөт түшүнүгү жоюлуп, аткаруу бийлиги менен президенттин аппараты биригет.