Эртең Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өлкөнүн шайланган Президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи өтөт. Ант берүү иш-чарасы коомдук биринчи канал аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Коомдук канал алып берген толкун аркылуу башка мамлекеттик каналдар да түз чагылдырмакчы. Инаугурацияны уюштуруу комитети билдиргендей иш-чарада эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына айрыкча көңүл бурулат. Чакырылган меймандардын бардыгы ПЧР анализдерин тапшырышты.