Жаңылыктар
Бишкекте фитосанитардык коопсуздукту жакшыртуу боюнча тегерек стол өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте фитосанитардык коопсуздукту жакшыртуу боюнча тегерек стол өттү

2021-жылдын 27-январында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти илим менен практиканын активдүү айкалышы максатында тегерек стол өткөрдү.

“Фитосанитардык коопсуздук - бул  республиканын улуттук коопсуздугу. Продукциялардын экспорту жана импорту жыл  сайын өсүүдө, ошол эле учурда, чек араларда мамлекеттик фитосанитардык көзөмөл катуу талап кылынат.

Карантиндик  зыянкечтерди аныктоо жана Кыргызстандын аймагында кооптуу зыянкечтер менен  илдеттердин жайылышын алдын алуу үчүн күчтүү илимий далил боло турчу база керек.  Демек, илим менен практика ар дайым тыгыз болушу абзел”, - деди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев.

Бүгүнкү күндө республикада төрт адистештирилген фитосанитардык лабораториялар бар - Бишкек шаарында, Ошто, Талас жана Ысык-Көл облустарында. Былтыр, 2020-жылы Баткен облусунда лабораториянын курулушу башталды, 2021-жылы Жалал-Абад облусуна фитосанитардык лаборатория куруу пландаштырылууда. Нарын облусунда лаборатория ушул жазда пайдаланууга берилет.

«Кыргыз Республикасында  фитосанитардык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп, лабораториялар жигердүү  курулууда, кошумча посттор ачылууда. Бүгүнкү күндө биздин уруксат документтерибиз  дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө таанылган. Бул жылы биз изилдөөчүлөр менен тыгыз  иш алып барууну пландап жатабыз жана жаңы, сапаттуу продукция алабыз деп  турабыз. Илимий база карантиндик зыянкечтерге каршы күрөшүү ишин оптималдаштырууга  мүмкүндүк берет», - деди Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Ильич Марсбек уулу .

Тегерек столдун алкагында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында санариптештирүү боюнча программа сунушталды, анда статистикалык отчетторду түзүү, электрондук архивди борборлоштуруу жана иштин бүткүл процессине көз салуу көзөмөлдөнөт.

Соңунда илимий базаны өркүндөтүү максатында өсүмдүктөрдүн карантининин коопсуздугу боюнча меморандумга кол коюлду.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз улуттук агрардык университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети кол койду.