Түштүк Кореяда жайгашкан LG компаниясы телефондорду чыгарууну толугу менен токтотот. Бул кадамга смартфондорго болгон талаптын жоктугу түрткү болгон.
Аталган Компаниянын берген маалыматында LG өткөн жылдын декабрь айында болгон смартфон базарында бир жарым пайыздык гана үлүшкө ээ болуп, атаандаштарынан артта калып калганын жашырган эмес. LG ишканасы бул нерсени түшүнүү менен кабыл алып жаңы үлгүдөгү телефондорду чыгарып сатууга койгон. Тилекке каршы смартфон өз кардарын тапкан эмес.