Германия Кыргызстандын 14 миллион евродон ашуун карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык насыяга жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду. Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.