Жалал-Абад шаарында дарыкананы тоногон адамдар кармалды. Милициянын маалыматына караганда, дарыканага кирген кишилер кассадан 10 миң сомдун тегерегинде акча алып кетишкен.
Ошондой эле сатуучунун сумкасынан 500 сом жана саатын алышкан. Ички иштер башкармалыгы факт боюнча Жазык кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш ачылды. Шектүү катары ошол эле шаардын 20 жаштагы эки жараны кармалды. Алардын жанынан уурдалган буюм табылып, эки айга камакка алынды. Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.