Жаңылыктар
Сурабалдиева спортко көңүл буруу, спорттук иш-чараларды көбөйтүү зарылдыгына токтолду
Кыргызстан жаңылыктары
Сурабалдиева спортко көңүл буруу, спорттук иш-чараларды көбөйтүү зарылдыгына токтолду

Былтыр пандемиялык шартка байланыштуу өлкөдө 3 миңден ашык спорттук иш-чаралар өтпөй калды. 

Дүйнөлүк абалды эске алуу менен көптөгөн мелдештер артка жылдырылып, кыргыз спортчулары катышып, ийгиликке жете турган пландар ишке ашкан жок. Бирок ага карабай жыл соңундагы мелдештерде өлкөнүн курама командасы ийгиликтүү орундарга жетишип, жыл жыйынтыгын чыгарды. 

Тармакты өнүктүрүү багытында өткөн жыйынга вице-премьер-минстрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева катышып, пандемиядан кийин спортко көңүл буруп, мектеп программаларында спорттук иш-чараларды көбөйтүү зарылдыгына токтолду. Азыркы тапта негизги максат Токиодо өтө турган олимпиадага жана Түркияда болчу 4-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү.