Паспортко документтерди кабыл алуу жана тариздетүү үчүн техникалык жабдуулар менен жабдылган атайын микро автобустар 2018-жылдан бери өлкө аймагын кыдырып жатышат. 2016-жылдан берки 5 жыл аралыгында өзгөчө категориядагы 3,5 миң жарандын үйүнө жеңилдетилген шартта баруулар жүргүзүлгөн.
2020-жылы мобилдүү калкты тейлөө борборлорунун акысыз көчмө кызматтары 818 жаранга, 371 соттолгон жана абактагы адамдарга көрсөтүлдү.
Коронавирус инфекциясы пандемиясынын учурунда жалпы республикалык тестирлөөгө тоскоолдуксуз катышуу үчүн дагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн акысыз документ тариздетүү жүргүзүлдү.