Жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык көрүү жыл сайын бирдей өткөрүлбөшү керек. Бул туурасында Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселесин талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.
Айтымында, дүйнө жүзү боюнча айыл чарба тармагы иштөөнүн жаңы шарттарына, инновацияларды ишке киргизүүгө, жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өтүүдө. Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, айыл чарба тармагын башкарууда жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жаңы кадамдар керек. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, "Айыл чарбаны каржылоо - 9" долбоору ишке кирер алдында турат.
Быйылкы жылы жеңилдетилген насыя берүү үчүн пайыздык үстөктөрдү субсидиялоого 1 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнүүдө. Бул фермерлерди 6 млрд сомдон ашуун суммадагы жеңилдетилген насыя менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, айыл чарба тармагындагы GIS технологияларды ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу алдында турат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.