Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Маалыматка ылайык, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзам бузуп, "Кумтөр" ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26 миң гектардан ашуун аянтты түзгөн. Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.
Ошондой эле, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан. Кирешесин адалдаштыруу максатында Бишкек шаарынан жана Чүй, Ысык-Көл облустарынан кымбат баалуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алган, элиталык көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына каражат салган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн активдерин ортомчу адамдарга каттаткан - деп айтылат маалыматта. Абылгазиев 26-январда, УКМКга сурак бергенден кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептелген мүлкү.