Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районундагы Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. Акын 1960-жылдардан бери чыгармачылык багытында үзүрлүү эмгектенип келген.
Рамис Рыскуловдун алгачкы чыгармалар топтому «Жаз» деп аталган. Ошондой эле Пушкин, Маяковский, Некрасовдордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Рамис Рыскулов бир гана акын эмес, сүрөтчү да болгон. Ага 1995-жылы «КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген. 1996-жылы «Кыргыз Эл акыны» наамы ыйгарылган.