Декларация толтуруу мөөнөтүү 1-апрелге чейин уланат. Былтыркы пандемиялык шартка карата жарандардын мүлкү тууралуу маалыматтарды кабыл алуу жарым жылга узартылды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Азыркы тапта 388 миңден ашык жаран жалпы декларацияны тапшырып бүттү.