Өлкөдө акча-насыялык шарттар олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банктын эсептик ченине жакындашып, белгиленген пайыздык чегинде өзгөрүүдө. Акча рыногунун катышуучуларынын жигердүүлүгү биринчи кезекте, ачык рынокто операциялар боюнча кыска сегментте жогорулаган.
Экономиканын долларлашуу деңгээли анча жогору эмес абалда сакталып турат. Өткөн жылдын соңуна карата депозиттердин долларлашуусу жыл ичинде 4,7 пайыздык пунктка жогорулап, 42,9 пайызды түзгөн. Насыялардын долларлашуусу тескерисинче, 2,2 пайыздык пунктка, же 32,9 пайызга чейин төмөндөгөн.