Жаңылыктар
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2021-жылга карата иш-чаралардын планын бекитти
Кыргызстан жаңылыктары
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2021-жылга карата иш-чаралардын планын бекитти

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2021-жылга карата иш-чаралардын планын кабыл алды. Анда №19 мекемедеги атайын комплекстин экинчи режимдик корпусун курууну аяктоо каралган. 

Ошондой эле, соттолгондорго шарт түзүү, түрмөдөгү жарандарга кесиптик билим берүү, аны менен бирге жумуш менен камсыздоо, коопсуздук үчүн түзөтүү мекемелеринде жана тергөө абактарында кайтаруунун заманбап инженердик-техникалык каражаттарын жакшыртуу сыяктуу бир нече багыттар камтылган. Соттук-укуктук реформанын алкагында бул тутумда дагы жетишкендиктер бар. 

“Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасы ишке кирген. ЖАМКнын мекемелеринде орнотулган байкоо камералардын саны 844. Мындан сырткары, соттолгондордун жана түрмөгө камалган жарандардын жаңыланган маалымат базасы, ошондой эле документтерди жүгүртүү тутуму иштелип чыгып, адистер окутулган.