Жаңылыктар
Талант Мамытов Индия Республикасынын күнүнө карата куттуктоо жолдоду
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов Индия Республикасынын күнүнө карата куттуктоо жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Индия Республикасынын Президенти Шри Рам Натх Ковинди Индия Республикасынын күнү менен куттуктады.

«Соңку жылдарда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү активдүү диалогду жөнгө cалып, кыргыз-индия мамилелерин өнөктөштүктүн жаңы стратегиялык деңгээлине чыгара алдык. Эки өлкөнүн ортосундагы достукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө абдан кызыкдар экенибизди баса белгилейм», — деп айтылат куттуктоосунда.

Талант Мамытов Шри Рам Натх Ковиндге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Индия элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.