Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Австралия Союзунун Генерал-губернатору Дэвид Хёрлини Австралия күнү менен куттуктады.
"Кыргызстан менен Австралия Союзунун ортосундагы достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда мындан ары да өнүгө берерине терең ишенем. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Австралия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.