Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасынын эски алтын ылгалоочу фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыкты.
Облус башчы жагдай боюнча тараптар менен жер-жерлерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыркы тапта суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын билдирди.
Айтымында, бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулган. Кырсыктын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат.
Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Айыл тургундары да кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктарын айтышып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришти.