Жаңылыктар
Бишкекте «Борбор Азия-Европа Бирлиги» биринчи экономикалык форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте «Борбор Азия-Европа Бирлиги» биринчи экономикалык форуму өтөт

Быйыл Бишкек шаарында "Борбор Азия - Европа Бирлиги" биринчи экономикалык форуму өтөт. Ага даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшан Сабиров кеңешме өткөрдү. 

Равшан Сабировдун Бирликке кирген мамлекеттер ортосундагы жашыл экономикадагы өнөктөштүк үчүн жаңы платформанын ачылышы тууралуу кыргыз тараптын демилгеси бардык тараптар аркылуу колдоого алынды. 

Форум Борбор Азия жана Евробиримдик өлкөлөрүн гана эмес, башка мамлекеттердин кеңири чөйрөсүн чогултат. Европа бирлиги жашыл экономиканы өнүктүрүүгө 1 трлн-дон ашуун евро бөлүүдө. 

Өнөктөштүк бул жаатта континенттеги ресурсту үнөмдөө, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташтыкты чыңдоого умтулат. Экономикалык платформа мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын чагылдырып, аны бириктирет деген ишеним бар. Форумду өткөрүу боюнча уюштуруу комитети түзүлөт.