Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйында Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгиледи. снх