Жаңылыктар
Бир сутка ичинде коронавирус 97 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бир сутка ичинде коронавирус 97 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус 97 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 42 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 40, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 157 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 643 бейтап, амбулатордук түрдө 907 адам дарыланууда. 

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 84 68 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 182 киши айыгып чыкса, 1 402 адам каза болду. Кошумчалай кетсек, бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 168 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 40 77 медкызматкер айыгып чыккан.