Жаңылыктар
Кара-Жыгач айылынын эли ашар ыкмасы менен жол салышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Жыгач айылынын эли ашар ыкмасы менен жол салышууда

Баткендеги Кара-Жыгач айылынын эли демилге көтөрүп, кыштын суук чилдесине карабастан бир айдан бери шарты катаал болгон тоо бооруна жол салып жатышат. 

Максат - жаз келгенге чейин эле жолду даяр кылып бүткөрүп, элдин сообуна калалы деп жатышат. Эгерде бул жол салынып бүтсө бийик тоо боорунда жайгашкан төрт миң гектардан ашык кайрак жер аянттарына жол ачылып, эл-журт эрте жазда эгин эгип, кирешесин көбөйткөнгө шарт түзүлөт. 

Кара-Жыгачтын ынтымактуу эли кычыраган чилдеге карабай, эртең эле келе турган жаздын камын азыртадан көрө баштады. Ар бир үйдөн кезектешип ишке чыгып, тоо аралап кеткен ушул жолду ашар ыкмасы менен салып жатышат.