Жаңылыктар
Япония Кыргызстанга грант берет
Кыргызстан жаңылыктары
Япония Кыргызстанга грант берет

Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында өлкөнүн бир катар билим берүү, медицина жана социалдык мекемелерине каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда министрликтердин өкүлдөрү менен гранттык келишимдерге кол коюу аземинде билдирди.

Бул жолу аталган долбоордун алкагында Шопоков шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна медициналык жабдуулар берилет. Каржылык колдоонун жалпы суммасы 31 миң 297 доллар. Ошондой эле Балыкчы шаарындагы Т.Ибраев атындагы № 22 кесиптик лицейине 64 миң 535 доллар бөлүнүп, эмеректер, өнөр жай жабдуулары, ошондой эле мекеменин терезелери менен эшиктери алмаштырылат. 

Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жалпы суммасы 75 миң 106 долларды түзгөн медициналык жана лабораториялык шаймандар, эмеректер, тиричилик жана өндүрүш шаймандарын берүү каралган. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна да жардам көрсөтүлөт. Ага 70 миң 85 доллар каралды.