УКМКнын мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаевге карата “Коррупция” беренеси менен сотко чейинки тергөө башталды. Баш мыйзамга жана жер кодексине ылайык жайыт, андагы кен, флора жана фаунасы жана башка жаратылыш ресурстары мамлекеттин өзгөчө коргоосуна алынат. Жайыт аянты менчикке жана ижарага берилбейт.
Бирок, башкы көзөмөл органы берген маалыматта Сегизбаев жана Аламүдүн райондук администрациясы менен бирге Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн айрым жооптуу кызматкерлери, мыйзамдын талаптарын одоно бузуп, коррупциялык жолдор менен жайыт аянтын мыйзамсыз трансформация кылып, коомдук курулушка уруксат беришкен. Башкы прокуратурадан билдиришкендей мурдагы аткаминер кылмыш ишин жашыруу үчүн жер аянтын жакын туугандарына каттаткан.