Жаңылыктар
Жалал-Абад облусундагы алтымыштан ашуун айылга инвестициялык каражат тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусундагы алтымыштан ашуун айылга инвестициялык каражат тартылат

CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы 60тан ашуун айылга инвестициялык каражат тартылат. 

Аталган долбоор Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда жүргүзүлгөн каржылык макулдашуунун негизинде ишке ашууда. Негизги максаты, COVID-19 пандемиясында жабыр тарткан айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу аракети өткөн жылдын декабрь айында башталган. Инвестициялык долбоордун жалпы суммасы 21 миллион долларды түзөт. Бул каражат Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусуна бөлүнөт. Жалал-Абад облусунан 60 тан ашуун айыл тандалган.

Долбоор 3 этап менен ишке ашат. Дүйнөлүк банктын сунуштамасына ылайык, биринчи этабындагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жүрөт. Анда медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалат. Жалал-Абад облусуна канча каражаты бөлүнөрү азыр так аныктала элек. Атайын кабыл алынган талаптар бар.