Жаңылыктар
Салык тармагын санариптештирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Салык тармагын санариптештирүү

Өлкөдөгү салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча Россия тарап кайтарымсыз техникаларды берет. Бул багытта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев менен Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Вольвачтын видео форматтагы жолугушуусунда белгилүү болду. Анда тараптар салыктык чогултууларды электрондоштуруу жана салык төлөөчүлөргө жеңил шарт түзүү максатында тажрыйба алмашууга макулдашты. 

Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун алкагында салык тармагындагы бирдиктүү системаны оптималдаштыруу боюнча эки тараптуу макулдашуулар жүрүүдө. Анда салык төлөөчүлөр үчүн жеңил шарт түзүү жана документ иштерин электрондук тартипке өткөрүүгө басым жасалат. 

Тармакта буга чейин жарандар салыктын түрлөрүн төлөөдө райондук борборлорго келип убакыт коротсо, эми анын баары мобилдик тиркемелер аркылуу ишке ашырылууда. Мындан улам жылда кечеңдеген салыктык төлөмдөр жыл аягына чейин 97 % аткарылды. 

Өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдөн жана документ иштеринин татаалдыгынан көмүскө экономика 40 %га чейин жогорулаган. Аны ачыкка чыгаруунун бирден-бир жолу тармакты электрондоштуруп, ар бир товардын так санын базага киргизүү. Бул багыттан алып караганда салык тармагын санариптештирүү абалдан чыгууга жол ачат. 

Өлкөдөгү салык системасын иретке келтирүү үчүн Россия тарап кайтарымсыз негизде керектүү бардык жабдууларды берүүгө даяр. Тармактагы мындай ырааттуулук ишкерлер үчүн да жеңил болуп, бардык төлөмдөр жана анын шарттары тууралуу каалаган маалда интернет булактарынан маалымат алууга мүмкүн.