Жаңылыктар
ЕАЭБ: фитосанитардык көзөмөл
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ: фитосанитардык көзөмөл

Россиянын “Россельхознадзор” мекемеси Оренбург облусуна Казакстан жана Кыргызстандан экспорттолгон 130 тонна жүктү киргизүүгө тыюу салды. Көзөмөл орган текшерүү учурунда кургатылган жемиш, томат жана цитрус өсүмдүктөрүнүн фитосанитардык тастыктамасын жараксыз деп тапкан. Кыргызстандын өсүмдүктөрдүн карантин департаменти мыйзам бузуулар импортчулар тарабынан болуп жатканын билдирет.

Алтынбек Абдыкеримов Россияга кургатылган жемиштин түрүн 15 жылдан бери экспорттойт. Ишкер Бишкекте туруп өлкөнүн бардык облустарынан товар чогултуп, Россиядагы келишим түзгөн соода борборлорго жөнөтүп турат. Ал тийиштүү документтер толук болсо маселе жаралбасын айтат.

Бирок кемчилик кетирген ишкерлер да кездешет. Жылдын башталышы менен Россиянын “Россельхознадзор” федералдык кызматы Оренбург облусундагы карантинге алынган 2 жарым миңге жакын тонна продукцияны текшерген. Ташып келүүчүлөр Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Армениянын ишканалары. Кампага жыйналган жана белгиленген жерге барган экспорт товардын арасынан ЕАЭБге кирген Кыргызстан менен Казакстандын да мыйзам бузуу фактылары аныкталган. 

Өз кезегинде Кыргызстандын өсүмдүктөрдүн карантин департаменти бул факты боюнча расмий билдирүү келип түшө электигин билдирди. Эрежеге ылайык, айыл чарба азыктарын экспорттоо үчүн биринчи кезекте фитосанитардык тастыктама алуу керек. Ал үчүн лабораториялар жаңыланып, адистер даярдалган. 

Сертификаттан тышкары ЕАЭБ аймагына кирген товарлар маркирленет. Анда азык кайдан өндүрүлдү, кайда барат жана сактоо шарттары тууралуу маалыматтар камтылган. ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда тоскоолдуксуз соода-сатык, карым-катнаш үчүн бир топ жеңилдиктер каралган.