Жаңылыктар
Кендеги окуя иликтенүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кендеги окуя иликтенүүдө

"Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасы сууга уулуу заттар кошулганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Билдирүүдө ишкана алтын өндүрүшүндө цианид колдонулбай турганы айтылган. 23-январда саркынды суу сакталуучу жай ачылып, андагы калдыктар сайга кошулуп кеткен. Учурда текшерүү жүрүп жатат.

Чаткалда жайгашкан “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасы иштеткен кенде уулуу зат сууга төгүлгөнү тууралуу социалдык тармактар аркылуу маалымат тарады. Бирок “Кыргызалтын” ишканасы андагы кенде цианид колдонулбай турганын билдирүүдө. Ага ылайык саркынды суу сактоочу жай гана ачылып, анын калдыктары сууга кошулган. Бирок учурда кырдаал жөнгө салынып, айлана-чөйрөгө тие турган кесепеттер жоюлганы кабарланды. Бирок бир катар мекемелердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ текшерүү жүргүзүп жатат.

Окуя болгондон көп узабай жергиликтүү бийлик кенге жакын жердин жашоочуларына кайрылып, дарыянын суусун колдонбой турууну эскерткен. Тармактын ардагер адистери “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасы тарабынан мурда-кийин эреже бузуу болбогонун билдирип жатышат. Тоо-кен тармагында инвесторлор менен жергиликтүү элдин ортосундагы талаш-тартыштар жаратылыш маселесине байланыштуу жаралып келген. Кыргызстанда алтын цианид менен да, коопсуз технология менен да иштетилген кендер бар. 

“Эти Бакыр Терек Сай” биргелешкен ишканасынын негизги үлүшү же акцияларынын 75 пайызы түркиялык компанияга таандык, калган 25 пайызы “Кыргызалтындын” карамагында. Аталган кенде алты жүздөн ашуун адам иштейт.