Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жаткан конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктоо алдында турат. Эки ай бою электен өткөн долбоор эртең кеңешменин жалпы жыйынына чыгарылмакчы. Андан соң парламенттин кароосуна жиберилет.
Ноябрь айынын экинчи жарымынан бери сунушталган баш мыйзамдын беренелерин талкуулап жаткан кеңешме өз ишинин жыйынтыктоочу баскычына жакындады. Токсонго жакын окумуштуу, илимпоз, укукчулардан турган топ үч секцияга бөлүнүп өлкөнүн негизги мыйзамын электен өткөрүштү. Белгилей кетсек, конституциядагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири президенттик бийликке артыкчылык берилип жатат.
Баш мыйзамдын долбоору башта айтылгандай мамлекеттик тилде жазылды. Учурда расмий тилге которулуп, лингвистикалык анализден өтүп жатат. Ошондой эле конституциялык кеңешменин алкагында түзүлгөн жумушчу топ эки тилдеги долбоорду салыштырып ар бир беренени кайрадан карап чыгышты.
Даяр болгон долбоор эртең жалпы жыйынга чыгарылса, кеңешменин мүчөлөрү карап, сунуш пикирлер киргизилип, акыркы корутунду берилет. Андан соң долбоор мыйзам чыгаруучуларга жөнөтүлөт.
Боршайкомдун айрым мүчөлөрү берген маалыматка таянсак жалпы элдик добуш берүүнү апрель айына белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге өткөрүү максатка ылайык келет. Эки шайлоонун бир күндө өтүшү каржылык жана уюштуруу жагынан жеңил болот.