Жаңылыктар
Бишкекте эки мектеп убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эки мектеп убактылуу жабылды

Бишкекте коронавирус табылган эки мектеп онлайн окутууга өттү. Жамаат ПЧР-тест тапшырууга жөнөтүлдү. Мектеп окуучуларынан COVID-19 аныкталганы тууралуу маалымат жекшемби күнү ачыкталган. Бирок азырынча кайсы мектептер экени айтыла элек. 

Өткөн аптадан бери акырындык менен салттуу билим алууга өтө баштаган ордо калаадагы мектептердин экөөндө коронавирус аныкталды. Шаардык билим берүү башкармалыгы билдиргендей, окуучулар бир-эки күн гана мектепке баргандан кийин дене табы көтөрүлүп, үйдө дарыланып жатышкан.

Эки мектеп дароо онлайн окууга өтүп, ушул тапта мугалимдер жана окуучулар жалпы ПЧР-анализ тапшырып жатышат. Анын жыйынтыгы менен убактылуу жабылган мектептер салттуу окууну качан улантаары белгилүү болот.

Ал ортодо ордо калаадагы башка мектептер окуусун салттуу улантууда. 1-5-9 жана 11-класстар эки нөөмөткө бөлүнүп окуп, санитардык эрежелер так сакталууда. Ар бир окуучунун дене табы текшерилип, бет кап менен гана мектепке кирет.

Ашкананын кире беришинен сөзсүз колду жууп кириш керек. Мурда бул мезгилде ашкана ичи окуучуларга толуп турса, эми аз санда гана, класстар кезек кезеги менен келип тамак ичишет. Мындай жагдайга ата-энелер дагы ыраазы. Балдары мектептен чыгаар маалда мырдагыдай мектептин ичине кирбей, сыртта күтүп турушат.

Ал арада ордо калаанын билим берүү башкармалыгы балдар үйдөн саламаттыгынын начарлашын сезсе, ата-энелерди мектептин администрациясына кабар берүүгө үндөдү. Муктаждык болсо анализ тапшыртып, анын жыйынтыгы чыкканга чейин балдарын үйдөн чыгарбоого суранып жатышат.