Конституциялык кеңешме жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипов билдирди.
Ушул жумада жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болуп, андан соң жаңы Баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Долбоордогу беренелер бир нече ирет каралып, аны өркүндөтүп, юридикалык жана лингвистикалык анализ жүргүзүлгөн.