Туроператорлор тарабынан авиабилеттин баасы жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Учурда Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Териштирүүнүн жүрүшүндө Финполдун кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек - Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти, текшерүүчү сатып алууну жүргүздү.
Анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды. Сатуучу жогорку суроо-талаптан пайдаланып, билеттин наркын мыйзамсыз жогорулаткан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.