Россиянын "Спутник V" вакцинасын рак оорусу бар бейтаптар өтө этияттык менен алышы керектиги тууралуу колдонуунун көрсөтмөсүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай алдын алуу препараттын онкологиялык ооруларга карата таасири боюнча маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүлгөн.
"Эмдөө боюнча маалыматтын жетишсиздиги ауто_иммундук патологиясы барларды жана рак илдетине кабылгандарды тобокелчиликке салышы ыктымал", - деп жазылат көрсөтмөдө.
Белгилей кетсек, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын 2020-жылдын август айында каттоого алган.