Экономика министрлиги ишкерлер үчүн талап кылынган уруксат кагаздардын электрондук реестрин талкуулады. Ал эл аралык каржы корпорациясы менен биргеликте иштелип чыккан.
Реестр ишкер жана инвестор үчүн бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат документтери жөнүндө маалыматты камтыйт. Порталдын жумушчу варианты иштелип чыгып, жолугушуунун катышуучуларына сунушталды. Уруксат кагаздарынын электрондук реестрин түзүү - бул автоматташтыруунун биринчи этабы. Экинчи этапта лицензияларды жана уруксатты онлайн режиминде берүүнү киргизүү пландаштырылууда.